Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эльвира Сурабалдиева учурдагы депутат айымдарды кызматтык унаадан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу Сурабалдиева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеште иштеген көп аялдар коомдук транспорт менен эле жүрүп, эркек кесиптештерине караганда өз милдеттерин жакшыраак аткарышчу.

“Жогорку Кеңештин депутаты аял депутаттарды кызматтык унаа менен камсыз кылууну сунуштады. Эми суроо. Бул азыркы көйгөйлөрдү чечүүгө кантип жардам берет? Мындай маселени көтөргөндүн өзү түшүнүксүз.

Биздин өлкөдө аялдарга кандай мамиле жасаларын баарыбыз эле билебиз, көпчүлүк учурда айрым чиновниктер айтып жаткандай өтө деле жакшы эмес. Депутаттардын маалыматы боюнча, Жогорку Кеңеште иштеген көп аялдар коомдук транспорт менен эле жүрүп, эркек кесиптештерине караганда өз милдеттерин жакшыраак аткарышчу.

Мен аял депутаттарга кайрылып кетким келет, мурунку парламенттеги аялдардын тажрыйбасын эске алып, өзүңүздөр эле кызматтык унаалардан баш тартыңыздар. Себеби, өлкөбүздүн учурдагы анчалык жакшы эмес экономикалык абалын эске алганда, мындай кадам туура болот.

Эгерде депутаттар аялдардын абалына кабатыр болгон болсо, келгиле, анда алгач үй-бүлөлүк жана гендердик көйгөйлөрдү чечкенге көңүл буралы. Андан башка да маанилүү көйгөйлүү маселелерди чечкенге аракет кылалы”, — деген ал.