Бүгүн, 27-январда Ош шаарынын “Туран” аймактык башкармалыгынын Дача кичирайонунда “Ширинтай” бала бакчасынын 75 орундуу кошумча имараты ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, “Туран” МАБынын жетекчиси жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бала бакчанын башчысына Ош шаарынын мэриясынын атынан интерактивдүү доска, ал эми “Туран” МАБ тарабынан телевизор белекке берилди.

Эскерте кетсек, 2 кабаттуу имараттын курулушу 5 айга созулуп, бардык шарттар түзүлдү.