Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлери Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүн бир тараптуу тосуп алышкан.

«Чыр-чатактын чыгышына жол бербөө максатында Баткен чек ара отрядынын башчысы, полковник Рустам Миршакиров аталган жерге жөнөп кетти. Баткен облусундагы чек аранын бул тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү», — деп айылат мекеме берген билдирүүдө.