КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы саат 17:50 чамасында Төрт-Көчө тилкесинде таш жүктөлгөн жүк ташуучу унаалар менен жарандар келгенин билдирди.

Тажикстандын жарандары таштарды түшүрүп, Баткен-Исфана унаа жолун тосушкан. Аларды Тажикстан Республикасынын чек арачылары коштоп жүрүшкөн.

Эки республиканын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин унаа жолу каттам үчүн ачылды. Бирок маселе чечилгенине карабай, тажик тарап чек аранын Чыр-Дөбө аймагындагы башка тилкесинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерине миномет жана гранатометтордон ок чыгарган. Андан соң Төрт-Көчө аймагында тажик чек арачылары кыргыз аскер кызматкерлерине каршы курал колдонушкан. Тажик аскерлеринин аракеттери жеринде макулдашылган, бул провокацияга алдын ала даярдангандыгын тастыктайт.

Чек ара аскерлеринин штаттык комплектине кирбеген минометторду колдонуу Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлери Тажикстандын Куралдуу Күчтөрүнүн күчтөрүн жана каражаттарын колдонуп жатканын көрсөтүп турат, бул мамлекеттердин ортосундагы эл аралык жана эки тараптуу келишимдерди одоно бузуу болуп саналат.

Тажик тарап электр линияларын жана чек ара заставаларын миномёттон атууда.

Кыргыз тараптын ок атышпоо боюнча талаптарын тажик аскерлери этибарга албай, жоопсуз калтырууда.