Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы саат 21.45те тажик тараптын демилгеси менен КР УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары-Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин кол башчысы генерал-полковник Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөшүшкөндүгүн маалымдайт.
Тажик тарап ок атышууну токтотуу суранчы менен кайрылган. Бирок буга карабай эле 22.30га карата тажик аскер кызматкерлери маал-маалы менен КР ИИМдин Ички Аскерлеринин жайгашкан жерин көздөй ок чыгарышууда, ал эми Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө жерлигинде ок атышуу уланып жатат.
Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согдий облустарынын губернаторлорунун жолугушуусу күтүлүүдө.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы