Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы окуяга байланыштуу Баткен облусундагы ИИОнун өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте жеринде иш алып барууда.

Азыркы учурда абал курч бойдон. Ал жерде кызмат өтөгөн ИИОнун кызматкерлери тарабынан абалды турукташтыруу, элдин коопсуздугун камсыздоо багытында аталган аймакта Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов тиешелүү кызматкерлери менен иш алып барууда.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы