Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча «Фейсбуктагы» расмий баракчасы аркылуу элге кайрылуу жолдоду.

Анда мамлекет башчысы, чек арада болуп жаткан окуялар толук  көзөмөлүндө экенин билдирди.

«Урматтуу Кыргызстандыктар!
Чек арада болуп жаткан окуялар биринчи мүнөттөрдөн баштап, толук менин көзөмөлүмдө. Кудай буюрса баарын тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечебиз. Кабатыр болбой тургула. Кырдаалды курчутуш үчүн жалган маалымат таратып жаткан ММКларга жана саясатчыларга ишенбегиле», — деген өлкө башчысы.

Эске салсак, 27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган.

Акыркы маалымат боюнча, кыргыз тараптан жети адам жаракат алганы кабарланууда.