Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу кыргыз тараптын аскер кызматкерлери жана жарандар арасында жоготуулар болгон жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, чек арадагы окуядан 11 аскер кызматкери жаракат алды.

“Чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу жана толук көзөмөлдө”, — дейт ал.

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, 28-январь, саат 08:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Самаркандык, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жерликтериндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, түн тынч өттү.

Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп жатат.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды сүйлөшүү боюнча эки тараптуу жолугушуу өтүп, анда Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашкан.

Андан тышкары, тараптар ок атууну токтотуу, эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү, Баткен-Исфана авто жол каттамын ачуу, чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын алып, чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштурууну макулдашты.

Эки тараптуу жолугушуу бүгүн дагы улантылат.