БШК 27-февралга дайындалган №27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алууну токтотту.

Боршайкомдон билдиришкендей, арыздарды кабыл алуу 27-январда саат 18:00дө аяктады.

“Жалпы иш” коомдук фонду талапкерлерден документтерди кабыл алуу процессине байкоо жүргүздү.

27-январдын саат 18:00гө карата БШКга 72 талапкерден документтер түштү, анын ичинен төмөнкү 26 талапкер катталды (документтерди кабыл алуунун акыркы күнү 12 талапкерден арыз түштү).
— №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 36 талапкер (33 эркек, 3 аял) көрсөтүлдү анын ичинен 12 талапкер катталды, 1 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты;
— №29 Свердлов шайлоо округу боюнча 36 талапкер (25 эркек, 11 аял) көрсөтүлдү анын ичинен 14 талапкер катталды, 1 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.
БШК “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн төмөнкү документтердин толук топтому БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен, 2022-жылдын 30-январында саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш экендигин эске салат:

— бекитилген формага ылайык өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтарды;
— паспортунун көчүрмөсүн;
— жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
— иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
— бекитилген формага ылайык башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалыматтарды;
— жеке маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун;
— шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.