Азыркы болуп жаткан окуялар жана  президент Садыр Жапаровдун ушул мезгилге чейин аткарган иштери тууралуу эксперт Бакыт Жумагулов пикирин билдирди.

“Сары изине сарэсеп салалы.

Ар бир кыргызстандык анализ кылгыла.

Садыр Жапаров бийликке келгенине бир жыл болду.

Былтыр октябрь окуясында бир айнек сындыртпай, бир чиновниктин чекесине черттирбей, 2010-жылдагыдай элдердин үйлөрүн тоноттурбай 10 күн дегенде бийликти тынчтык жолу менен мыйзам чегинде өткөрүп алды. Нааразычылыкка чыккан эл дагы лидерибиздин тилин угуп, тынчтыкты сактап, бүткүл дүйнөгө кеменгер эл экендигибизди көрсөттүк. Ушул иштердин өзү эле эмне деген баа жеткис зор мактоого татыйт.

Кумтөр боюнча: Ал жакта алтын калбай деле калыптыр, Кумтөрдү албайбыз, өздөрү иштете беришсин деп шайлоо мезгилинде бир чети өзүнө коркунуч жаралбаш үчүн, экинчи чети Кумтөрдөн айрылып жаткан Канадалыктарга баары бир болуп талкалап кетишмек. Ансыз деле Кумтөрдү алып атканда акыркы күндөрү башкаруу системасын талкалап кетишти. Бир жарым ай дегенде өзүбүздүн адистер кайра калыбына келтиргенге улгурушту.

Шайлоодон өтүп алгандан кийин бир күндө алып койду. Бүгүн бюджетке берген жарым жылдык таза кирешеси 300 млн доллар болду. Дыйкандар менен фермерлерге 6 пайыз менен үч жылга чейин кредит бериле баштады.

Бүгүнкү күндө эл аралык биржанын баалоосу боюнча “Кумтөр” компаниясы дээрлик 3 миллиард доллар деп бааланууда. Бул мен, же президент же дагы башка бирөөнүн эмес, Эл аралык биржанын баасы. Бул деген президент бир жылда үч миллиард долларды мамлекеттин пайдасына алып берди дегенди түшүндүрөт. Мындан тышкары, “Кумтөрдө” дагы 30 жылга жете турган алтындын запасы бар. Демек, жыл сайын бир миллиард доллар отуз жыл бою таба алабыз. Өзүбүз иштетип атабыз былтыркы май айынан бери, мындан ары дагы өзүбүз иштетебиз.  Ал жакта жаш адистер тажрыйба алып, өзүбүздүн кадрлар өсөт. Элибиз көп жылдан көксөп күткөн күндөр келди.

Мамлекеттик түзүлүш боюнча:

30 жылда чирип бүткөн системаны бир жылда ордуна койду. Президенттик шайлоо, баш мыйзам кабыл алуу, сот, прокуратура, өкмөт, жергиликтүү бийликтер жөнүндө мыйзамдарды жаны баш мыйзамга ылайык келтирип кабыл алуу, эки жолу референдум, эки жолу жергиликтүү шайлоолорду өткөрүү жана парламенттик шайлоону өткөрүү ушунун баары бир жылда бүттү. Башка өлкөлөр баары таң калып турушат. Бир жылда ушунун баарын жасап коюш мүмкүн эмес эле дешип.

Эл аралык мамилелер боюнча:

Атамбаев Өзбекстан менен мамилени Ислам Каримов өлгөндөн кийин чечебиз деп, Казакстан менен Назарбаев чал кетсин деп, Турция менен мамилени Эрдоганга акаарат айтып бузуп салган эле. Ушулардын баары менен президент болгондон кийин беш айда мамилебизди кайра жакшыртып, тарыхта болуп көрбөгөндөй мамиле түзүп койду. Мисалы Кыргыз-Өзбек элдери баары жакшы мамиле түзүп, эки өлкөгө кенен кирип чыгышып, сүйүнүп жатышат.

Баткен окуясы боюнча:

Кайбир саясатчылардын илгери коңшуларга документке ойлонбой кол койгонунан Тажикстан менен чек арабызда жыл сайын чыр чатак токтобой келет. Былтыр жаздагы окуяларда эки тарап кагылышып, кыргыз тараптан жарандарыбыз окко учуп, бир топ үйлөр өрттөлүп, талкаланды. Баткендеги үйү күйүп кеткендерди кышка калтырбай жаңы үйлөргө киргизди.

Баткен облусуна мыйзам менен өзгөчө макам берилди. Ал эмнени берет экен дебейсизби? Анын негизинде Баткенде чек арага жакын жайгашкан 62 айылдын тизмеси бекитилди. Ал айылдагы тургундардын пенсиясы 2 миң сомго көтөрүлдү. Ал алтымыш эки айылдын тургундарына электр энергиясы арзан эсептелет. Чек арага жакын жайгашкан айылдагы мугалим, дарыгер, милиция жана башка ммалекеттик-бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын жогорулатылары айтылды. Бул иштин баары чек арадагы элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталат.

Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү боюнча: 

Баткенге тээжиктер басып кирген мезгилде биздин армиябыз эң начар армия болчу. Аскер кызматкерлери калп айттырбайт. Бир тик учагыбыз жок, бир истребителибиз жок, согуштук оор техникаларыбыз ордуларынан жылбай калган учурлар болду. Анан кантип согушат элек? Ошону эске алып, дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен бир күндө ок атышууну токтотту. Андан бери армиябызды болуп көрбөгөндөй күчтүү армияга айлантты. Азыр эми биздин аскерлерибиз тээжиктердикинен эки эсе күчтүү. Кандай заманбап техникалар, байрактар келгенин өзүңөр көрдүңөр. Аскерлерибиздин эмгек акылары эки эсе көтөрүлдү.

Акимдерди ротация кылуу боюнча:

Мурда ар бир акимдин орду сатылчу. Эч ким тана албайт. Былтыр баарын ротация кылып, тааныш билиши жок карапайым уй бүлөлөрдөн чыккан акимдерди койду. Аким болуп калгандар өздөрү таң калып айтып жүрүшөт. Мындай болчу эмес. Сатылчу же тааныш аркылуу келчүбүз акимдике деп.

Люстрация боюнча:

Колдорунан келишинче эскилерден тазаланышты го.

Бир топ коррупционерлерди кустурушту. Эми калгандарын дипломдорун текшерүү аркылуу тазалайбыз деп турушат. Биз колдоп гана турушубуз керек. Эмнеси жаман. 30 жылда жасалма диплом менен иштеген мамлекеттик кызматкерлер көбөйүп кеткен. Ошол себептен алдыга жылган жокпуз.

Бюджет боюнча:

Качан бюджетибиз 5,5 миллиард сомго профицит менен чыкчу эле?

Январга киргенде эмгек акы, пенсия, пособия өз убагында төлөй албай салык, бажы төлөмдөрүн суранып жүрүп бизнесмендерден алдын ала үч айдыкын төлөтүп алып жүрбөдүк беле? Кимиңер танасыңар муну? Эч ким.

Эсиңерде болсо 2020-жылы өлкө бюджетинин дефицити 30 миллиард сом болчу. Быйыл профицит менен чыгып олтурат.

Ал эми 2021-жылдын консолидацияланган бюджети 281 миллиард сом деп бекитилсе, ал 311 миллиард болуп аткарылды.

Жылдын бюджетин аткарууда Салык кызматы салык кирешелери боюнча планды дээрлик 8 миллиард сомго ашыгы менен аткарып, өлкө бюджетине 104,2 млрд сом түшкөн.

Бажы кызматы тарабынан коронавирус пандемиясынын чектөөлөрүнө карбастан, бюджетке дээрлик 47 миллиард сом түшүрүлдү.

Мындан сырткары ар кайсы тармактан түшкөн таза кирешелерибиз 500 млн доллар болуптур. Сом менен 40 миллиарддан ашык. Ушунун баарын элге 6 процент менен кредит, ипотека аркылуу квартираларды алып берип жатат. Качан ушундай болчу эле? Акыркы он жылда мамлекет 4 миң үй бүлөгө квартира алып бериптир. Былтыртан бери миң үй бүлөго берилди. Быйыл жылдын аягына чейин алты миң үй бүлө  алганы турат. Мурдакыдай алдын ала 30 пайызын төлөйсүң деген шарт жок. Ага 8 миллиард сом бөлүндү.

Кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге турак жай берүү бүтсө, каалаган жарандарга 25 жылдык мөөнөт менен бериле баштайт.

Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча:

Президенттин атайын жарлыгынын  негизинде  саламаттык сактоо уюмдарында иштеген кызматкерлердин айлык маянасы жогорулатылды.

Үй-бүлөөлүк дарыгерлерге 2021-жылдын 1-апрелинен баштап жогорулатылды. Башка медициналык кызматкерлерге 2021-жылдын 1-июлунан тартып. Жалпысынан былтыркы жылы саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген   кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу үчүн республикалык бюджеттен кошумча 1 миллиард 831 млн.сом акча каражаты бөлүнгөн.

Кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөөгө 1,9 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү (COVID-19);

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча:

Элине кам көргөн мамлекет башчысын ушундан билгиле – ковидге каршы эмдөө акысыз жүрүүдө. Өнүккөн делген айрым өлкөлөр мындайга барышпайт. Акы төлөтүп эмдеп жатышат.

Ондогон мамлекеттер тарабынан таанылган COVID-19га каршы вакциналар сайылууда. Акыркы маалыматтар боюнча жалпы өлкө боюнча вакцина алган жарандарыбыздын саны биринчи доза алгандар 58%, экинчи доза менен 48%ы эмделген.

Вакциналардын бир бөлүгү өнөктөш өлкөлөрдөн гумжардам катары келсе, бир бөлүгү бюджеттик акчага алынууда.

Мамлекеттен вакцинаны сатып алууга 1 529 667 496 сом бөлүнгөн.

Саламаттык сактоо системасында материалдык-техникалык базаны жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Донорлордун каражаттарынын эсебинен «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 152 даана тез жардам унаалары, ар кандай модификациядагы  санитардык унаалары – 55 даана, жалпысынан – 207 даана сатылып алынды. Мобилдик көчмө клиникалар беш жыл бою бекер дарылап, дарылардын да бекер берип, алыскы аймактар, айылдарга чыгып калктын саламаттыгына кам көрүүдө. Азыр Кемин районунда турат. Жакында Балыкчыга жылат.

Айыл-чарбасындагы жетишкендиктер:

2021-жылы “Айыл-чарбасын каржылоо” долбоору аркылуу 10 407 айыл чарба товар өндүрүүчүлөргө  алты миллиарддан ашуун сом кредит берилди.

Быйыл 2022-жылы феральдан баштап дыйкан, фермерлерибизге 6 пайыздык үстөк менен үч жылга чейинки насыялар бериле баштайт. Буга 26 миллиард сом болунду. Айыл чарба субъекттерине бир миллиард эки жүз миллион сомдон ашуун каражатка беш жүздөй ар кандай үлгүдөгү айыл чарба техникасы лизингге берилди. Дыйкандарды сапаттуу жана арзан үрөн менен камсыздоо максатында республикалык бюджеттен бир жарым миллиард сом бөлүндү. Ага болжолу 16 миң тонна үрөн сатылып алынды.

Ирригация тутумун жакшыртууга бир миллиард сом бөлүнүүдө. Кыргызстандын 65 пайыздан ашыгы айыл жергесинде жашайт. Баба дыйкандарыбыз жер салыгынан толук бошотулду. Бул деген бир жагынан дыйкандардын өзүнө жеңилдик болсо, алардын байуусуна жол ачса, экинчи жагынан айдоо аянттарынын көбөйүшүнө алып келет. Демек азык түлүк коопсуздугуна оң таасир этет. Ал турсун өзүбүздөн артканын экспортко чыгарып баштай турган күн алыс эместир.

Мамлекеттик ишканаларды иштетүү боюнча:

Сатыш керек, пайда-батасы жок деген ишканалар бир жыл ичинде мыкты результат көрсөттү. Муну өлкө жетекчилиги оңой эле чечип койду. Болгону мурда сол чөнтөккө түшүп жаткан акчаларды казынага эле буруп койду. Болгону ошол. Алсак, “Манас” аэрпортунун таза кирешеси үч миллиард сомду түздү. Эзели коррупциялык ызы-чуулардан, карыздан башы чыкпаган “Кыргыз темир жолу” былтыры бир миллиард 600 миллион сом киреше тааптыр. Алар өз каражатына Кара-Кече-Балыкчы темир жолун куруп баштайбыз деп сүйүнчүлөп турган чагы. Ышпалдасы чыккан союздан бери араң турган жыгач шпалдарын шакылдатып бетон шпалга алмаштырып атышат. Рельсаларын алмаштырууда. Жүз жүк ташуучу вагонду өз каражатына сатып алышты. Дагы мин вагон сатып алууга камданып жатышат. Ушунун баарын кантип көрбөйсүңөр?

Калктын аярлуу катмарына кам көрүү:

110 миң аярлуу катмарда жашаган үй-бүлөгө электр энергиясына болгон тарифтер арзан эсептелип берилүүдө. Килловатына элүү тыйындан. Жөлөк пулдар эки эсеге көбөйдү. Интернаттардагы балдардын тамак ашына берилчү каражат эки эсеге көбөйтүлдү.

10 миңдеген үй-бүлөлөрдүн он жылдап чечилбеген маселесин тез арада чечип берди. Бул жер тилкелерин трансформациялоо тууралуу мыйзамга президенттин кол коюшу. Муну менен алар каттоого туруп, балдарын бала бакчага берип, медицианлык жана башка мамлекеттик кызмттарды ала башташды. Эл катары жашашат. Эч бир президент буга батына албай келген. Алар деле биздин жарандар да. Садыр Жапаров президенттин милдеттерин аткарып тургун учурда, жаңылбасам 20-жылдын ноябрында кредит алып кыйналгандардын насыяларынын уч айлык пайызын төлөтүп берди. Бул 100 миң сомго чейин кредит алгандар үчүн болду. Жалпысынан бир миллиард 200 миң сом төлөнүп берилди. Бул деген канчалаган тагдырларды сактап калуу десек жаңылбайбыз. Кредиттерди төлөй албай канча жараныбыз митингге чыгышты. Айрымдары айласы кетип өз жанын кыюуга чейин барабыз дешкен. Эми ошолордун сообу президентибизге тийсе керек?

Казакстандагы акыркы окуялар боюнча:

Казак боордоштордогу окуялар бизди барыбызды кайдыгер калтырган жок. Айрымдар ал жака ЖККУ курамында аскерлерибизди жөнөтүүгө каршы чыгышты. Аларды деле түшүнсө болот. Бирок, Казакстанда капсалаң болуп атса, эл аралык милдеттенмелерди аткарбай койсок да болмок эмес. Бизди эч ким мамлекет катары көрбөй, эсептешпей калышмак.  Жоокерлерибиз эл катары барышты. Согушканы эмес, ал жактагы тынчтыкты орнотууга, стартегиялык объектилерин кайтарышууга. Бир чети тажрыйба да алышты. Анткени мындай шартта, мындай курамда биринчи жолу чет жака чыгышууда. Казакстандагы камалган жарандарыбызды камырдан кыл суургандай сууруп  алышты, бир тобу эвакуацияланды.

Дагы айта берсек толтура жакшы иштер башталды.

Анан ушунун баары көрүп билип олтурган башка мамлекеттер Кыргызстан тез арада бутуна туруп кетишин каалабай жатышат. Максаттары Тажикстан аркылуу жаңжал уюштуруп, эки өлкөнү чабыштыруу. Анткени согуш болгон жерге аябагандай чоң суммадагы акча каражаттары сарпталат. Анда жогоруда аталган тармактарга жумшала турган акча согушка кетет. Кудай согуштун бетин эки кошуна өлкөдөн ары буруп койсун деп тилейли. Өзүбүздүн ички душмандардын тизгинин тартып туралы. Айрым сайттар “ок атуу биринчи кыргыз тараптан чыкты” деп жалган маалымат жазып чыкты.

Бул НПОчулардын, оппозициялык ММКлардын максаттары кандай экенин кыргыз элибиздин калың катмары жакшы эле түшүнүп калдык да.