Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган кыргыз делегациясы кыргыз-тажик чек арасы боюнча Тажикстандын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүүдө.

Жолугушуу Тажикстандын Чоркух айылында жүрүп жатат. Кыргыз делегациясынын курамында Камчыбек Ташиев, Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жана башка өкүлдөр бар.  Ал эми Тажикстандын делегациясын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода жетектөөдө.