Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) башкы катчысы Багдад Амреев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу аталган кеңештен билдирди.

Багдад Амреевдин билдирүүсүндө мындай деп айтылат: «Биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга терең тынчсыздануубузду билдиребиз жана куралдуу кагылышууларды токтоосуз токтотууга, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу абалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга жана турукташтырууга чакырабыз.

Түрк түлдүү мамлекеттердин уюму карапайым калкка аскердик куралдын колдонулушун айыптайт жана эки коңшу өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы чыңалуунун мындан ары күчөшүнө жол бербөө үчүн зарыл чараларды көрүүгө чакырат.

Биз Кыргызстандын кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдойбуз жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө, урматтоого, ынак коңшулукка жана жанаша жашоого негизделген диалогду кубаттайбыз.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тарап тең алдыда өз ара ишенимди чыңдоого жана чыр-чатактарды болтурбоо үчүн зарыл кадамдарды жасайт деп ишенебиз».