Баткен облусундагы абалга байланыштуу, кооптуу аймакка жакын жайгашкан айылдардан  эвакуациялангандардын   9 880и   туруктуу жашаган жерлерине кайтып келүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жарандарды кайра көчүрүү иши ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын куткаруучулары жана  Жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникалары тарабынан  жарандарды туруктуу жерине жайгаштыруу иши жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, жарандар өзүлөрүнүн жеке унаалары менен да үйлөрүнө кайтып жатышат.

Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 11 052 адам эвакуацияланып, алардын ичинен 10 410 адам туугандарынын үйлөрүнө,  642  адам  жарандарды коопсуз жайга жайгаштыруу максатында  даярдалган 7 пунктка жайгаштырылган.

Аталган пункттарда ӨКМдин Баткен облустук түзүмдөрү күчөтүлгөн режимде иштеп, жарандарды ысык тамак-аш, биринчи кезекте  зарыл болгон гигиеналык каражаттар, 670 комплект (төшөк, жаздык, матрац, шейшеп) менен камсыздашкан.

Эскерте керсек, Баткен облусундагы абалга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларды жеринде Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кординациялоодо.