Бүгүн, 29-январга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 398 адам COVID-19 диагнозу менен катталып, 5 жаран илдеттен каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады.
Алар:
– Бишкек шаарында – 277,
– Ош шаарында – 1,
– Ысык-Көл облусунда – 24,
– Нарын облусунда – 0,
– Чүй облусунда – 115,
– Талас облусунда – 4,
– Ош облусунда – 2,
– Жалал-Абад облусунда – 12,
– Баткен облусунда – 13.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 197 миң 835 адам коронавирус менен катталган.
Ошондой эле акыркы суткада коронавирус жуктурган 5 бейтап көз жумду.