Ташкентте аял кичинекей кызды зоопарктагы аюунун астына ыргытты

Ташкентте аял кичинекей кызды зоопарктагы аюунун короосуна ыргытып жиберди. Бул тууралуу Ташкенттеги зоопарктын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 28-январь күнү саат 12:00дөр чамасында болгон. Аял зоопаркка келгендердин көзүнчө кичинекей кызды күрөң аюунун короосуна ыргытып жиберген. Аю арыкка түшүп, кыздын жанына келип, баланы жыттап, ары басып кеткен. Жумушчулар баланы сактап калууга аракеттенип, аюуну ички бөлмөгө азгырып, кызды короонун ичинен алып чыгышкан.

Куткаруудан кийин бала зоопарктын фельдшердик-акушердик пунктуна жөнөтүлгөн. Алгачкы экспертизага ылайык, кыз бийиктен кулагандыктан денесинде  көк ала тактарды алган. Зоопарктын кызматкерлери  бала аюунун тишинен жабыркабаганын баса белгилеп, кызды дарылоого кеткен чыгымды көтөрөрүн белгиледи.

Учурда укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Аялдын өздүгү жана анын аракетинин себептери айтыла элек.

Кавказ күрөң аюусу Зузу 2017-жылы Баку зоопаркынан алынып келген. Анын  ойнооктугу, коомчулукка ачыктыгы үчүн бүтүндөй кызматкерлер  аны жакшы көрөрү айтылды.