Мындай пикирин Фейсбук колдонуучусу, активист Талант Мамытов жазды.

Анын айтымында, биздин коомчулук дагы тажик президентинин кылып жаткан туура эмес саясатын түшүнүшүп, өзүбүздүн бийликти гана колдоп турушубуз керек.

“Президент Садыр Нургожоевич баш болуп чек араны тактап, зым тартып, тынч бейпил жашоону элге түзүп берели деп түнү күнү уктабай өтө катуу аракет кылып жатат. Бирок тилеке каршы тажик президенти Эмомалинин жеке кызыкчылыгы жана туура эмес саясатынын айынан эки мамлекеттин карапайым элдери азап чегип жатышат.

Биздин коомчулук дагы тажик Президентинин кылып жаткан туура эмес саясатын түшүнүшүп, өзүбүздүн бийликти гана колдоп турушубуз керек. Ич ара ызы чууларды токтотуп биригишибиз керек, бизди үчүнчү күчтөр колдонуп кетишпесин.

Тажиктерден корко турган эч нерсе жок, болгону үчүнчү күчтөрдүн куралы болуп калбайлы деп Президентибиз Садыр Нургожоевич дагы акылдуулук кылып, ошол үчүн бир гана тынчтык жолу менен чечели деп аракет кылып жатат.

Ага акылы жетип,бирок батыштын НПОлордун арам акчасы менен жашап жаткан кээ бир биздин чала журналисттер, чала активисттер, чала саясатчылар ар нерсе деп туура эмес маалыматтарды таратышып, элдин башын айлантып жатышат.

Маселе тажиктерден корккондо эмес, маселе үчүнчү күчтөргө жем болуп калбайлы ошондо. Биз баарыбыз эле каалайбыз чек ара чечилип , тынч өмүр  сүрүүнү, бирок тажик тараптын азыркы шайтан Президенти башка оюндарды кылып жатат.

Ошондуктан сабыр кылып, жараткандан суранып жакшы жака чечилишин тилек кылалы туугандар. Ар кандай провакациялык смстерге, туура эмес маалыматтарга ишенбейли сураныч. Баары Президенттибиздин жана жетекчилерибиздин көзөмөлүндө бизге тынчтык керек”, — деген ал.