Чек арадагы Көк-Таш айылында алдын ала маалымат боюнча кеминде 10 үй жабыркаган. Бул тууралуу Баткен обладминистрациясынан билдиришти.

Тажик чек арачыларынын айылды аткылоосунун натыйжасында эки бастырма жана бир унаа күйүп, бир нече унаа жабыркаганы такталган. Кээ бир үйлөрдүн бастырмаларына тийген снаряддардан бодо мал өлгөн.

Эске салсак, 27-январь саат 18:15те Баткен-Исфана жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесинде Тажикстандын чек арачылары тарабынан тосулган. Кыргызстандын Баткен облусундагы чек ара тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимге өттү. Эки тараптан тең атышуу болду. Тажик аскерлери миномётторду жана гранатометторду колдонушкан.

Түнкүсүн тараптар ок атышууну толук токтотуу, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу, Баткен-Исфана унаа жолунда кыймылды ачуу жана чыр-чатактарды болтурбоо максатында чек ара аймактарын биргелешип күзөтүүнү макулдашты.