Стамбулда эркек киши турмушка чыгуудан баш тарткан кыргызстандык кыздын мойнун жана бетин кесип салган. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы жазып чыкты.

Белгиленгендей, окуя мейманканалардын биринде болгон. Милиция кызматкерлери мейманкананын бөлмөсүндө мойну жана бети кесилген 28 жаштагы кыргызстандык аялды табышкан. Аны коштоп жүргөн 40 жаштагы Кадыр аттуу адам ал өз жанын кыюуга аракет кылганын билдирген.

«Ал мени көзүмө чөп салдың деп айыптады. Ошондон улам ортобузда чыр чыкты. Анан ал душка кирип, сыранын бөтөлкөсүн сындырып, өзүнө-өзү кол салып баштады, өз жанын кыюуга аракет кылды… Мен аны куткарууга аракет кылдым. Ал мени жек көрөм деп кыйкырып, менден качып кетти», — деди ал киши сурак учурунда.

Фото Hurriyet. Пострадавшая кыргызстанка

Фото Hurriyet. Пострадавшая кыргызстанка

Кыргызстандык айым бул көрсөтмөлөрдү четке какты. Анын айтымында, ал Кадыр менен үч айдан ашык убакыттан бери тааныш. Ал турмушка чыгууну сунуштаган, бирок ал баш тарткан. Ал анын паспортун тартып алган. Ошол күнү экөө кайрадан жаңжалдашып, эркек аны өлтүрүүгө аракет кылган.

Кылмышка шектүүгө карата ТР Кылмыш-жаза кодексинин «Атайылап киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал кармалып, кийинчерээк белгилүү аралыкта кыргызстандык аялга жакын жолотпоо менен бошотулган.