Баткен ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары  ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жаранды кармашты.

Баткен ОИИБдин ыкчам кызматкерлери  Баткен шаарындагы үйдө жергиликтүү жашоочу  баңгизатты мыйзамсыз сактап жүрөт деген маалыматты алышкан. Бул маалымат  Баткен ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине  катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин  283-беренеси  (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо)  менен кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп,  милиция кызматкерлери баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектелген жарандын өздүгүн такташкан. Шектүү мурда бир нече жолу соттолгон Баткен шаарынын жашоочусу 55 жаштагы А.Р. экендиги аныкталды.  Жаран А.Р. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Анын үйүнө  тинтүү жүргүзүү учурунда 12-калибрлүү ок атуучу курал, 9 бирдик патрон, 45 грамм марихуана табылды.

Аныкталгандай, кармалган жаран опуза талап кылуу, ден соолукка атайылап оор зыйын  келтирүү,  бейбаштык жана башка беренелер боюнча он бир жолу соттолгон.

Азыркы учурда кармалган жарандын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгын тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы