29-январда парламенттеги бир мандаттуу эл өкүлдөрүнөн түзүлгөн «Элдик» топтун депутаттары жакында чыр чыккан кыргыз-тажик чек арасындагы элден кабар алып келди. Аталган топтун мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаевдин айтымында, эл өкүлдөрү чатак чыкканда эвакуацияланган Көк-Таш, Ак-Сай айылдарындагы тургундар менен жеринде жолуккан.

«Чек арадагы элдин духу жакшы. Бизге бир топ көйгөйлөрдү айтты. Биздин топ сөзсүз ошол жердеги бир туугандарыбыздын маселелери менен иш алып барат. Чек арада чеп болуп турган Лейлек жана Баткен элин эч качан жалгыз калтырбайбыз» — дейт Ажибаев.

Ошондой эле ал чыр чыккан аймактагы элге «Элдик» топтун атынан материалдык жардам берилгенин билдирди.

Белгилүү болгондой, баткендиктерден кабар алууга «Элдик» топтун лидери Акылбек Түмөнбаев, депутаттар Чынгыз Ажибаев, Нурлан Азыгалиев, Жалалидин Нурбаев жана Нурлан Ражабалиевдер барган.