Баткен районунун аймагында балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан “Селсаяк” иш-чарасы өткөрүлүп, базарларда, соода түйүндөрүндө кайырчылык кылып жүргөн жаш өспүрүмдөрдү аныктоо максатында  тиешелүү иштер аткарылды.

Бул иш-чарага жергиликтүү айыл аймактардын өкүлдөрү, социалдык коргоо жана билим берүү органдарынын кызматкерлери, үй-бүлө жана балдарды колдоо комиссиясы милиция кызматкерлери менен биргеликте район аймагындагы кароосуз калган имараттар, эч ким жашабай калган жайлар толугу менен текшерилип чыкты.

Жалпысынан 91 дүкөн жана компьютердик клубдар текшерилип, түнкүсүн саат 22.00дөн баштап жалгыз көчөдө максатсыз жүргөн 23 өспүрүм аныкталып кармалды. Буларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 102-беренеси (Ата-энелик милдеттерден качуу) менен протоколдор толтурулду жана ата-энелердин иштеген жерине 2 сунуш жиберилди.

Ошондой эле,  2022-жылдын 21-январь күнү үйүнөн чыгып кетип дайынсыз болуп жаткан Чоң-Гара айылынын 12 жаштагы тургуну Ж.А. иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарында экендиги аныкталып, 27-январь күнү Баткен шаарына алынып келип, милиция кызматкерлери тарабынан ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы