Блогер Алмаз Дөөлөтбаков (Туран) өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын (БӨУ) ишмердүүлүгүн мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-январда АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал өлкөдөгү журналисттерди журналисттик этиканы сактоого, объективдүү, так маалымат берүүгө чакырды.

«Бүгүнкү күндө өлкө аймагында иштеп жаткан бейөкмөт уюмдар жана чет өлкөлөр аркылуу каржыланып жаткан маалымат агенттиктери туура эмес маалыматтарды таратуу менен өлкөнүн бүтүндүгүнө жана калктын ынтымагына доо кетирүүдө. Алар биздин мамлекеттин кызыкчылыгы, өз элибиз үчүн эмес, ошол акча берген тараптын кызыкчылыгы үчүн иштеп, алардын айтканын жазып жатышат. Ошондуктан биз аларды алыстатышыбыз керек. Башкача айтканда, чет элдиктер тарабынан каржыланган маалымат каражаттарын, бейөкмөт уюмдардын маалыматка болгон жеткиликтүүлүгүн чектөө керек», — дейт А.Дөөлөтбаков.

Бул үчүн ал депутаттарга жана өлкө башчысына кайрылып, өлкөдө иш алып барган чет элдик маалымат каражаттары Кыргызстанда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылсын деп талап кыларын билдирди.

Ал мындай талабынын себебин: «Жалпыга маалымдоо каражаттары пропаганданын куралы болуп эсептелет. Башкача айтканда, бөтөн өлкө тарабынан каржыланган, чет элдиктердин акчасын алган ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдар биздин өлкөнүн, биздин жарандардын укугун коргой албайт. Андыктан алар башка жактан алган ар бир тыйыны тууралуу маалымат беришсин, эгер андан баш тартса, жоопкерчиликке тартуу керек. Чет жактан каржыланган ар бир уюм, ЖМК сертификациядан өтүп, мамлекет тарабынан уруксат алуусу кажет. Биздин мамлекетте чет элдиктер тарабынан каржыланып иш жүргүзгөн бардык уюмдар, маалымат агенттиктеринин иши тыкыр көзөмөлгө алынышы кажет», — деп түшүндүрдү.

А.Дөөлөтбаков акыркы күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн кырдаалга да токтолуп өттү. Ал окуяларга күнөөкөрлөрдү, анын ичинде тиешелүү протоколдорго кол койгондор Баткен элинин алдында, мамлекеттик деңгээлде жоопко тартылышы керек деп эсептейт.