Ташкенттеги зоопарктагы үч жашар кызын аюунун короосуна ыргыткан аял күйөөсү Орусияга кеткени үчүн депрессияга кабылганын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Өзбекстандын Махаллаларды жана үй-бүлөнү колдоо министрлиги аял учурда жумушсуз экенин, ага жана анын балдарына бир нече жолу социалдык-укуктук жардам көрсөтүлгөнүн маалымдашты.

«Жаран З.Т. эки баласы менен Ташкенттин Сергели районунун Кумарык айылындагы (жергиликтүү квартал – ред.) атасына тиешелүү батирде жашап, аял күйөөсү Орусияга кеткендигине байланыштуу депрессияга түшкөнү, жолдошу  аны менен жашабай турганы белгилүү болду», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Учурда укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат.

Эске салсак, 28-январь күнү саат 12:00дөр чамасында   Ташкентте аял кичинекей кызды зоопарктагы аюунун короосуна ыргытып жиберген. Аю арыкка түшүп, кыздын жанына келип, баланы жыттап, ары басып кеткен. Жумушчулар баланы сактап калышкан.