Бишкетеги Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде күйөөсү тарабынан токмоктолуп, бирок милицияга арыз жазбаган аялдын күйөөсү сотко жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Аялдын арыздан баш тартканы бул маселе боюнча соттук териштирүүлөр болбойт дегенди билдирбейт. Арыздан баш тартууга байланыштуу материалдар Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми, А.Д аттуу жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренесинде каралган “Үй-бүлөдөгү зомбулук” кылмыш иши боюнча протокол түзүлүп, коргоо ордери чыгарылды. Райондук милиция кызматкерлери ал кишини сотко алып барышты. Эми соттун чечимин күтөбүз, балким камакка алынышы мүмкүн”, – деп жазды ал.

Буга чейин, социалдык тармактарда Бишкек шаарында күйөөсү аялын башка тепкен видео тараган. Видео 30-январь күнү Бишкектеги Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган.