Өлкөнүн медициналык мекемелерин мөөнөтү өтүп кеткен, анын ичинде балдарга керек болгон дары-дармек менен камсыздоочу фармацевтикалык компаниянын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан саламаттык сактоо тармагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектерди ташып келген фармацевтикалык компаниялардын биринин мыйзамсыз иштери боюнча маалымат келип түшкөн, алар мөөнөтүн мыйзамсыз өзгөртүп, дары-дармектерди өлкөнүн медициналык мекемелерине жана дарыканаларга өткөрүп турган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында аталган ишкананын кызматтык жана кампа жайларында тинтүү жүргүзүлүп, финансылык документтер жана дары-дармектер алынып, ишкананын мыйзамсыз иш-аракеттери тастыкталган.

Тергөө иш-чараларынын алкагында буюм далилдери, ошондой эле жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер алынып, дары-дармектердин таңгактарындагы жарактуулук мөөнөтүн бурмалоо белгилерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ошону менен бирге, бул компания өз ишмердүүлүгүндө саламаттык сактоо тармагы жана дарыканалар аркылуу, дарыгерлерге жана фармацевттерге акчалай сый акыларды жана бонустарды төлөп берүү менен импорттук дары-дармектерди лоббирлөө мыйзамсыз соода ыкмаларын жана азыркы учурда бул компаниянын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасы жана бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсү аныкталып, тергөөнүн жыйынтыгы менен алардын аракеттерине юридикалык баа берилмекчи.