2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети тарабынан курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар тармагында төмөнкү иш-чаралар аткарылды:

— Бишкек — Москва — Бишкек жана Москва — Бишкек — Москва туруктуу авиакаттамдарынын саны жумасына 3төн 7 рейске чейин көбөйтүлдү;

— «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун (Балыкчы-Барскоон участогу, 0–141,640 км.) реконструкциялоо боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды;

— Будапешт – Бишкек – Будапешт багытында жаңы аба каттамы ачылды;

— «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечими кабыл алынган, анын ичинен 10 жүк ташуучу вагон өлкөгө алынып келинди;

— «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын республикалык бюджет алдындагы 500 млн сом өлчөмдөгү карызын жоюу маселеси чечилди;

— жарандардын аяр категориялары үчүн 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын идентификациялык карт-паспортторун акысыз берүү маселеси иштелип чыкты;

— транспорт каражаттарын жыйымдын нөлдүк ставкасы менен кайра каттоо маселеси иштелип чыкты.