Кош бойлуу келиндерди кесарево жолу менен төрөтүү акысыз медициналык кызматтарга кирерин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат кызматы эске салды.

Фонд амбулатордук шартта жана стационарда кош бойлуу келиндерге мындан башка дагы акысыз медициналык кызматтар көрсөтүлөрүн айтып, аны төмөнкү категориядагы аялдар колдоно аларын белгилеген:

кош бойлуулуугу боюнча каттоого тургандар;

төрөй тургандар жана төрөттөн соң оорусу өтүшүп кеткендер (төрөттөн кийин 10 жума аралыгы);

кош бойлуулуктун патологиясы менен стационарда дарылануу (негизги диагноз боюнча);

социалдык жана медициналык көрсөтмө боюнча бойдон алдырчулар;

Фонддун милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын реализациялоо башкармалыгынын начальниги Жыпара Азизбекова кесарево жолу менен төрөтүү да акысыз медициналык кызматка кирерин белгилеген.

“Андыктан ар бир төрөт үйүнүн жетекчиси дары-дармекке, анын ичинде наркоз берчү препараттарга мониторинг жүргүзүп турушу керек. Ошондой эле алар менен операциялык блокторду камсыздап турушу шарт”, — деген Азизбекова.

Камсыздандырылбаган кош бойлуулар үчүн фонд бир жылга акысыз ММК (ОМС) полистерин берери айтылды. Аны менен боюнда барлар жеңилдик берилген дары-дармектерди дарыгер жазган рецепт боюнча арзаныраак ала алышат.

ММКФ кокус медицина кызматкерлери акча төлөөнү талап кылса же маселе жаралса, фонддун 113 (чалуу акысыз) номерине чалса болорун эскертти.