Кыргызстанга Өзбекстандан ишкерлерден турган делегация келет. Кыргызстан ишкерлер биримдигинин чакыруусу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты орнотуу максатында бизнес-тур өткөрүлөт.

Кыргызстан менен Өзбекстан соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар, ошондуктан өзбек ишкерлеринин иш сапарынын негизги максаты кыргызстандык компаниялардын ишмердүүлүгү менен таанышып, өнөктөштүк мамилелерди түзүү болуп саналат.

Бизнес-турдун алкагында В2В форматындагы жолугушууларды жана заводдор менен заводдорго иш сапарларды уюштуруу пландаштырылууда. Өзбекстандын бизнес делегациясынын курамында тамак-аш, айыл чарба, курулуш жана текстиль тармагында иш алып барган ишкерлер болот.

Эки өлкөнүн ишкерлери менен жолугушууга кыргыз жана өзбек компаниялары менен кызматташууга кызыкдар россиялык дистрибьюторлор жана дүң сатуучулар чакырылары күтүлүүдө.

Өзбекстандык компаниялардын тизмеси жана алардын иш чөйрөсү:

— «Elektron baxolash» – программалык камсыздоо

— «Optima best plast» – пластикалык буюмдар (конус, шлагбаум, таштанды челек, балдар аянтчалары, пластик мыктар)

— «Business and arbitration» – фольгаизол жана полизол (курулуш материалдары), КМС реагенттери (бургулоо газы), жеңил өнөр жай (пахтаны кайра иштетүү)

— «Fruit vegetable grape claster» – айыл чарба азыктары

— «Maskani kujon» – текстиль өнөр-жайы

— «Arzoni bizda» – айыл-чарба азыктары

— «Olis osmon» – сайыл-чарба азыктары

— «Limonzor classic» – айыл-чарба азыктары

— «Best Butter Production» – маргарин азыктары

— «Fiberglass Composite» – айнек иштетүү.

Өзбекстандык ишкерлер менен жолугушуу 4-февралда «Президент» мейманканасында саат 10:00дөн 12:30га чейин өткөрүлөт.

Бардык суроолор боюнча 0772790088 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.