Баткен районунун чек ара аймагында болгон куралдуу кагылышуудан келтирилген материалдык чыгым жалпы 2 млн 912 миң 60 сомго бааланды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалым болгондой, эсептөө иштери Баткен райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан уюштурулду. Аталган окуяда 2 бастырма жана 1 унаа күйүп, 10 үй жабыркаган. Малдын чыгашага учураган фактылары катталууда.
Эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтып кетишти. Эвакуациялангандардын арасында ооруканага жеткирилген оорулуулар да бар.
Учурда Баткен районунун чек ара тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.