Абакта отуруп эле ишкерди коркутуп ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылып жүргөн киши аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ишкер товар ташып жеткирүү менен алектенип жүргөн. Өзүн криминалдык авторитет катары тааныштырган киши аны коркутуп акчасын алып турган. Шектүү абакта жаткандыктан, акчаны жакын адамы жеткирип берчү.
«Ишкерден 2020-жылы ноябрдан тарта опузалап акчасын алып турушкан. Кылмышкерлер жалпысынан андан жүз миңдеген акча алышкан. Жабырлануучу милицияга кайрылууну көпкө чейин ойлонуп жүрүп, бир жылдан кийин арыз берген», — деп кабарлады министрликтин маалымат кызматы.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин жүргүзгөн ишинин жыйынтыгы менен коркутуу жана опузалап талап кылуу фактысына тиешеси бар жарандын ким экени такталып, ал Нарын облусунун 1986-жылы туулган О.Ж. аттуу тургуну болуп чыккан.
«Шектүү Жаза аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатыптыр. Мурда бир нече жолу соттолгону маалым болду. Учурда тергөө кызматына жеткирилип, шакирти дагы кармалган», — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле О.Ж. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турары белгилүү болду.
Иликтөө иштери уланууда.