Бүгүн эл өкүлдөрү кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин маалыматын угуп жатышат.

Жыйынга атайын кызматтын жетекчисинен тышкары УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.

Эл депутаты Марлен Маматалиев маселени жабык эшик артында кароону сунуштады. Анын айтымында, коомчулукка айтууга болбой турган айрым жагдайлар бар.

Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин жыйынында бир катар депутаттар кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин маалыматын угууну сунушташты.

Эске салсак, 27-январь күнү саат 18:15те тажик чек арачылары Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүн тосуп алышкан. Кыргызстандын Баткен облусундагы чек ара тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн режимге өттү. Эки тараптан тең атышуу болду. Тажик аскерлери миномётторду жана гранатометторду колдонушкан.