Министрлер кабинети «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун уставдык капиталынын өлчөмүн 5,3 миллиард сомго чейин көбөйттү, бул келечекте мамлекеттик ипотекалык насыялоо тутумун өнүктүрүү үчүн тышкы рынокто кошумча инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет.

2021-жылдын октябрь айынан тарта мурда берилген ипотекалык кредиттер боюнча көпчүлүк коммерциялык банктар менен ипотекалык кредиттердин жылдык пайыздык чендерин 6-8%дан 4-6%га чейин төмөндөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

2021-жылдын 31-декабрына карата 1567 млн сом суммасындагы ипотекалык насыя берилип, 732 үй-бүлө турак-жай менен камсыз болду.

Ошондой эле министрлер кабинети тарабынан мамлекеттик ипотекалык насыялоо тутумун өнүктүрүү үчүн «KfW» Немец өнүктүрүү банкынан 9 млн евро өлчөмүндө грант алуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды.

2021-жылдын декабрь айында турак жайды каржылоонун ислам принциптери боюнча механизм иштелип чыгып, ишке киргизилген, шариат стандарттарына ылайык, 16 млн сомго 5 кредит берилген.