Гонконгдо туулган Голливуддун супер жылдызы Жеки Чан Пекинде 2022-жылы өтүүчү Олимпиада отунун эстафетасына катышканын Reuters агенттиги билдирди.

Жеки Чан эстафетанын экинчи күнүндө ардактуу коноктордун катарында Улуу Кытай дубалынын үстүнөн Олимпиада отун көтөрүп өттү. Эстафета учурунда аны бардык кытайлык Олимпиада медалчылары тосуп алышты.

«Мен таңкы төрттө ойгондум. Бул менин төртүнчү Олимпиадам. Мен абдан кубанычтамын. Мен да үшүп кеттим!» – деди актёр дубалды бойлой чуркап барып.

Туристтер эң көп зыярат кылган дубалдын бөлүгү болгон Бадалинг Пекин шаарынын борборунан 70 чакырым түндүк-батышта, Янцин районунда, тоо лыжасы Олимпиадасына жакын жайгашкан. Ал Мин династиясынын тушунда 1500-жылы курулган.

Кийинчерээк факел олимпиадалык мелдештердин көбү өтө турган коңшулаш Хэбэй провинциясындагы Чжанцзякоу шаарына жеткирилет. Эстафета ачылыш аземинде Олимпиада отунун жагылышы менен аяктайт.

Пекинде 2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин, ал эми Кышкы Паралимпиадалык оюндар 4-13-март аралыгында өтөт.

Эске салсак, Олимпиада отунун эстафетасын баштоо аземи кечээ башталган. Салтанаттуу азем Кытайдын баш калаасынын түндүгүндөгү Олимпиадалык паркта өттү. Маалым болгондой, эстафетага 1000ден ашык факелчилер катышат, ал үч күнгө созулат.