“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды. Маалыматты президенттик аппараттан тастыктады.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болору 2021-жылдын август айында белгилүү болгон.
Текебаев элчи болгону тууралуу азырынча комментарий бере элек.