Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, кабыл алынган мыйзамга ылайык, Баткен облусунун бүткүл аймагында атайын салыктык-инвестициялык режим иштейт, облустун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жеңилдетилген жана акысыз (медициналык жана башкалар) негизде көрсөтүлөт, аймакты өнүктүрүү боюнча атайын кеңеш түзүлүп, ал эми аймакты өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен жыл сайын 500 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт.

Арзыбек Кожошев кошумчалагандай, аталган мыйзамдын алкагында Министрлер Кабинети 62 жеңилдетилген чек ара конуштарынын тизмесин бекитүү чечимин биринчи этапта кабыл алган. Бул тизме толук эмес, мыйзам чегинде жана бардык зарыл процедураларды сактоо менен толукталмакчы.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, аталган тизме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 145 «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» токтому менен бекитилген башка ченемдик укуктук актынын алкагында бекитилген.

«Бул тизмеге Баткен районунун бардык чек ара айылдары кирбейт, анткени аларды киргизүү үчүн өзгөчө шарттар бар. Бул мыйзамдын талабы, үч шарт тең сакталышы тийиш. Бул чечимди кайрадан карап чыгып, экинчи этап менен жеңилдикке муктаж башка айылдарды тизмеге киргизели деп жатабыз. Ал эми Баткен облусунда социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү бир топ жогору болгон айылдар бар, аларга жеңилдиктер каралбастан, башка экономикалык стимулдаштыруу механизмдери каралат. Биздин негизги максатыбыз – чек арага жакын жайгашкан, мамлекеттин жардамына чындап муктаж болгон айылдарды бекемдөө. Бардыгын дароо жасоо мүмкүн эмес, айрыкча аймакта 12 жыл ичинде түзүлгөн кырдаал анча жакшы эмес. Эң негизгиси, «муз жарылып, иш башталды», — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Ошондой эле ал инвестициялык портфелди бөлүштүрүү жана салынган инвестицияларды коргоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө кошумчалады.

«Чек ара чатактары болуп жаткан айылдарга инвестиция тартуу өтө кыйын экени жашыруун эмес. Инвестициялар башка принцип боюнча тартылат. Буга байланыштуу Баткен облусунун өзгөчө макамы чек ара тилкелеринде жайгашпаган айылдарга инвестиция тартууну билдирет. Алсак, Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларына инвестиция тартылып, 62 айылда салык, жер преференциялары жана башка мамлекеттик колдоо түрлөрү болот. Мында комплекстүү жана ийкемдүү мамиле талап кылынат», — деди  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.

Арзыбек Кожошев үстүбүздөгү жылдын февраль айынын экинчи жарымында Баткенде Министрлер Кабинетинин биринчи көчмө жыйыны өтөөрүн, ага байланыштуу мыйзамды ишке ашыруу боюнча ченемдик-укуктук актыларга киргизилген бардык өзгөртүүлөр кеңешмеде кароо үчүн даяр болушу керектигин белгиледи.

«Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо, жерлерди трансформациялоо, ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ирригациялык тармактарды оңдоо жана жазгы-талаа иштерине даярдык көрүү – бул иш-чаралардын бардыгы Министрлер Кабинетинин кеңешмесине карата бүткөрүлүшү керек. Эгерде алар боюнча суроолор жаралса, көчмө жыйында ыкчам кароо үчүн мыйзам алдындагы актыларды даярдоо зарыл. Баткен Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын жүрөгүндө болушу керек. Биз кандайдыр бир себептер менен аймактан чыгып кеткен облустун бардык тургундары мекенине кайтып келип, Баткен облусунун өнүгүшүнө салымын кошуп, өз жеринде жашоосу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары жана «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча пландын пункттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин баса белгиледи.