Президенттин Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Абдикарим Алимбаев тажик тарапты чагымчыл маалымат таратпоого чакырды.

«Мамлекеттик чек араны тактоо боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясы иштейт.

Ал эми эки республиканын чектеш жайгашкан Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери катары, биздин милдетибиз, чек арада чыр-чатактарды болтурбоо жана алардын курчушуна жол бербөө, ошондой эле чек арага жакын аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө күч-аракет жумшоо.

Чек араны аныктоодогу талаш-тартыштарды согуштук аракеттер менен чечүүгө болбой турганын, буга чейин болуп өткөн куралдуу жаңжалдар көрсөттү. Антпесек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын аймактарда жашаган элдин өмүрү, алардын келечеги жана балдарынын келечеги коркунучта.

Мен тажик тарапты, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы мыйзамдуу түрдө такталганга чейин, чек ара аймагындагы кырдаалды курчутуучу билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырам»-дейт ал.