Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысынын учагы Пекин шаарындагы эл аралык аэропортко конду.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада – 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.