Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов россиялык белгилүү блогер Лариса Булина менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Лариса Булина дүйнө кыдырып, барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрү, тарыхы, маданияты, жаратылышы тууралуу мыкты материалдарды “Турдур” ютуб каналы аркылуу жарыялап келет.

Жолугушууну жүрүшүндө Азамат Жаманкулов Кыргызстандын маданиятын жана жаратылышын таанытууда даярдап жаткан позитивдүү материалдарын кызыгуу менен көрөөрүн, ошондой эл ал контент Кыргызстанга болгон кызыгууну пайда кылып, өлкөбүздүн туризмин көтөрүүгө шарт түзөөрүн белгилеп, министрликтин атынан “Ыраазычылык кат” тапшырды.

Эң позитивдүү ютуб блогери катары таанылган Лариса Булина Кыргызстанды сүйүп калгандыгын белгилеп, Кыргызстандын кооз жаратылышын, маданиятын дагы көрсөтөм деген планы бар экенин белгилеп, кызматташуу тууралуу макулдашты.

Учурда Лариса Булинанын ютуб каналында каналында 20дан ашык Кыргызстан тууралуу ар кандай тематикадагы позитивдүү материлдар жүктөлгөн. Алардын арасында “Көк бөрү” оюну, Кыргызстандын аймактары, өнөр адамдары жөнүндө бир катар материалдар бар.