Бишкекте кечээ, 3-февралда Кыргыз-Түрк достук ооруканасын кыргыз тарапка расмий өткөрүп берүү аземи болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага оорукананын мурдагы башкы дарыгери Озгюр Челеби жана КР саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов катышкан. Ал оорукананын жаңы жетекчиси Осмонали Масалиевди жамаатка тааныштырып, бул орунга дайындалышы менен куттуктады.

Өз кезегинде, түрк тараптын өкүлдөрү кыргызстандык кесиптештерине жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгилик каалашты.

Масалиев Осмонали Саттарович 1967-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.