Жогорку Кеңештин «Ынтымак» жана «Ишеним» фракциялары Баткенге барып биргелешкен көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Аталган жыйын эртең, 5-февраль күнү, болот.
Эл өкүлдөрү «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамынын аткарылышын карайт. Ошондой эле апрель айындагы аскердик кагылышуунун кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшү жана андан аркы эскалацияга жол бербөө маселеси талкууланат.
Бул боюнча президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев маалымат берет. Министрлер кабинетинин мүчөлөрү дагы чакырылган.
Мындан сырткары, Ош облусунун Ноокат районундагы капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж унаа жол боюнча маселе дагы каралат.