Чүй облусунун Сокулук районунда ооруканага денесинен жаракат алган эки жашар бала түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-февралда саат 21:30 чамасында Сокулук аймактык ооруканага 2020-жылы туулган К.Э. аттуу эки жашар бала денесиндеги жаракаттар менен жеткирилгендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Айрым маалыматтарга караганда, баланы өгөй атасы сабаган.

«Бул факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, текшерүү иштери башталды. Баланын денесине келтирилген жаракаттын бардык жагдайлары аныкталууда. Керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда сабады деп шектелген адам сурак берүүдө», — деп жазылат маалыматта.