2022-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Свердлов районунун ИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын №38  мектебинин окуучулары үчүн алдын алуу боюнча маек өткөрүштү.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери милициянын подполковниги Чолпон Табалдиева окуучуларга кызматтын негизги ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти.

Мындан тышкары, балдарга психоактивдүү заттарды колдонуунун медициналык, социалдык жана укуктук кесепеттери тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн каралган жоопкерчиликтер жөнүндө атайын даярдалып тартылган социалдык жана алдын алуу  мүнөздөгү видеотасманы көрсөтүштү.

Иш-чаранын соңунда окуучуларга алдыга койгон максаттарына ишенимдүү кадам таштоо, өздөрүн өркүндөтүү, сергек жашоо мүнөзүн кармануу тууралуу каалоо-тилектер айтылды.

 ИИМдин Басма сөз кызматы