Исфана шаарынын базарында милициянын көчмө кабылдамасы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Баткен районундагы Көк-Таш айылындагы окуяга байланыштуу, милиция кызматкерлери  “WatsApp” тайпаларында тарап жаткан чагымчыл маанидеги маалыматтарга ишенбөөнү, коомдук кырдаал туруктуу экендиги боюнча элдерге түшүндүрүштү. Ошондой эле, жергиликтүү тургундарга Лейлек районунун чектешкен аймактарында милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында кайгуулдарда жүрүшкөндүктөрүн эскертүүдө.

Базарда жүргөн 8 жаран социалдык мааниде кайрылуу жасап, милициянын көчмө кабылдамасы менен тыгыз иш алып барууда.

 

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы