Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Согди облусунун Чорку жамаатынын Самонен, Майский кыштагынын аксакалдары эки элдин ортосундагы карым-катнашты бекемдөө, мамилени улантуу максатында чектешкен аймактарда жолугушууларды өткөрүп жатат.

Бул жолугушууларда Баткен РИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБнин начальниги милициянын подполковниги Анвар Рахманзода, Ворух ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Миролизода Субхан биргеликте коопсуздукту камсыздоо, туруктуулукту сактоо максатында аксакалдардын жолугушууларына катышууда.

Жолугушууда эки тараптын аксакалдары эзелтеден бери кошуна экендиктерин, бир арыктан суу ичерин белгилешип, биримдикте жашоо керектигин билдиришти. Жаштарды да ынтымакка чакырып, карым-катнашты бекемдейбиз деп сөз беришти.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы