Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаевдин атайын буйругунун негизинде Баткен областтык уй булолук медицина борборуна караштуу мобилдик клиникасынын дарыгерлери Баткен районунун Таш-Тумшук,Орто-Боз,Кок-Таш айылдарында калкты медициналык кароодон өткөрүштү. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Жалпысынан аталган айылдын 300гө жакын жараны медициналык кароодон өткөрүлдү.Алар Гепатит В жана С, ВИЧ жана ИППП боюнча экспресс тестен өткөрүлүп, медицина кызматкерлеринен кеп кенеш алышты.
Белгилей кетсек, облус башчысы Абдикарим Алимбаев 2022-жылдын 31-январында Баткен районунун Ак-Татыр, Аксай, Самаркандек айыл аймактарынын эли менен жолугушуп, анда чек ара аймактарынын жашоочулары өздөрүнүн социалдык -экономикалык көйгөйлөрү менен кайрылышкан.Ошондой жергиликтүү жашоочулар үчүн атайын медицина кызматкерлер барып, медициналык кароодон өткөрүү жагы каралган.