Аламүдүн районундагы эки жашар баланын сабалышына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «кыйноо» беренесинин негизинде иш козголгон, тергөө бардык маалыматтарды чогултуп, учурда текшерип жатат.

Азыркы учурда аталган кылмышка шектүү делип Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун 1987-жылы туулган С.А., аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алдын ала маалыматтарга караганда, сабалган баланын ата-энеси жергиликтүү фермердин малын багып иштечү. Эки жаштагы К.Е.,нин атасы койчуманга карыз болуп калгандыгы айтылат.

«Алгач жубайы эки баласы, ошондой эле К.Е., менен дыйкандын үйүндө жашаган. Ошол аралыкта экөөнүн ортосундагы мамиле жакшы болуп кетип, аял расмий никедеги жолдошу менен ажырашкан. Аял мезгил-мезгили менен койчуман менен чогуу жашап турган», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Аялдын көрсөтмөсүнө ылайык, баланын денесине аны менен чогуу турган киши, башкача айтканда, койчуман залал келтирген.

Аталган факт боюнча териштирүү амалдары уланууда.