2022-жылдын 15-январына карата республиканын мектептеринде 929 мугалим жетишсиз. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызамыты кабарлады.
Эң көбү же 305 мугалим Чүй облусундагы мектептерде жетишсиз.
Бишкек шаарында – 191,
Баткен облусунда – 142,
Ош облусунда – 112,
Ысык-Көл облусунда – 78,
Жалал-Абад облусунда – 60,
Талас облусунда – 20,
Нарын облусунда – 12,
Ош шаарында – 9 мугалим жетишсиз.