Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында 2022-жылдын 27-январынан бери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Ошондой эле чек арага чектешкен аймактардагы Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык айылдарында, Кулуңду айыл аймагындагы Максат, Сада, Кулуңду айылдарында коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн биргелешкен кайгуулдар уюштурулган.
Милиция кызматкерлеринин Баткен районундагы Ак-Сай, Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Терек, Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел, Достук, Кара-Бак, Ак-Сай-Ворух, Бакай, Ак-Сай-Развилка багыттарында дагы ички кайгуулдары уюштурулуп, учурда коомдук кырдаал толук көзөмөлдө.
Ошондой эле, Баткен районундагы кыргыз-тажик окуясынан улам, айрым жарандар WhatsApp жана башка социалдык тармактарда коомдо кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган жалган маалыматтарды таратып, элди дүрбөлөңгө салууда. Ички иштер министрлиги эскертет: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси боюнча кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо, буга эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо кырктан жүз саатка чейинки коомдук жумушка тартууга же 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат. Жарандарды WhatsApp мессенджериндеги тайпаларга чагымчыл, жалган, такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырабыз жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 телефон номуру аркылуу кабарлоону суранабыз. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт жана чагымчыл билдирүүлөрдү таратууга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылат.
Урматтуу жарандар, жалган маалыматтарды таратуудан алыс болуп, чагымчылдыкка алдырбаңыздар.
ИИМдин Басма сөз кызматы