«Манчестер Юнайтеддин» жана Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Instagram баракчасында эң көп катталучусу менен рекорд жаратты.

37 жаштагы чабуулчунун катталуучуларынын саны 400 миллионго жетти. Бул планетанын бардык калкынын арасындагы абсолюттук рекорд. Социалдык тармактын (Instagram-ред.) өзүнүн аккаунтунда  катталуучулардын саны — 469 миллион.

Катталуучулардын  саны боюнча футболчунан кийин  америкалык модель Кайли Женнер (308 миллион) жана аргентиналык «Пари Сен-Жермен» клубунун чабуулчусу Лионель Месси (306 миллион) турат.