Кыргызстанда жакырчылыктан чыгуу боюнча пилоттук долбоор башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Суусамыр айыл аймагына болгон иш сапары учурунда билдирди.

«Мамлекеттин социалдык саясаты жеңилдиктер жана тарифтер менен эле чектелбейт. Биз жакырчылыктан чыгуунун жаңы моделин ишке киргизе баштадык – келишим түзүү жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өз бизнесин ачуу үчүн каражат бөлүү аркылуу. Кадамжай жана Жумгал райондорунда пилоттук практика башталып, ишке ашыруу үчүн эң келечектүү 100 долбоорго 100 миң сом бөлүнөт. Пилоттук өткөрүүнүн жыйынтыгында бул модель бүткүл өлкөгө киргизилет»,-деди министр.

Кудайберген Базарбаев өлкөнүн социалдык тармагына социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн жашоо минимумуна чейин жеткирүү милдети коюлганын белгиледи.